Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз LIII сессиясы
2023-жылдын 3-февралы № 3
Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен камсыз кылууда ата-энелерден чогула турган бир күндүк взностун өлчөмүн 44 сомдон 62 сомго көтөрүү жөнүндө
Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен камсыз кылууда ата-энелерден чогула турган бир күндүк взностун өлчөмүн 44 сомдон 62 сомго көтөрүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш менен камсыз кылууда ата-энелерден чогула турган бир күндүк взностун өлчөмү 44 сомдон 62 сомго көтөрүлсүн.
2. Тамак-аштын кымбаттап кеткендигине байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн ата-энелер взносундагы көтөрүлгөн 18 сом Чаек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатынан төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | У. Жунушалиев |