Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 14-апрели № 3/9

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашырууу жөнүндө

1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашырууда, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

1   1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүүдө натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 жарлыгын турмушка ашыруу жагы колго алынсын;

2   Турмуш тиричилик калдыктарын кайра иштетүүдө, таштандыларды топтоого шарт түзүү үчүн, 1-Май айыл аймагынын Көк-Төбө айылынын Ачы участкасынан 8 гектар жер аянты ажыратылсын;

3   Ажек айылынан “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн жайылтуу максатында 1 га жер аянты ажыратылсын жана айлана-тегерегин тосуу иштерине, көчөттөрдү отургузуу иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин;

4   Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

5   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

6   Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев