Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 14-апрели № 3/10
Ак-Башат айылынын тургуну Шайназарова Нышанбүбү Алимбековнага материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2023-жылдагы кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Башат айылынын тургуну мумкунчулүгү чектелген, тубаса бир колунан жабыр тарткан Шайназарова Нышанбүү Алимбековнанын операциясына “ПОВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунан 500 000(беш жүз миң) сом өлчөмдө акча каражаты суралсын;
2. Шайназарова Нышанбүү Алимбековнанын операциясына, 1-Май айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 000(жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
3. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;
4. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандын турмуш-шарты менен жеринде таанышуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин;
5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, 1-Май айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |