1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 22-майы № 4/13
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамынын негизинде, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын Жарандык коргонуу комиссияларында кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө, М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылга 1-Май айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин долбооруна, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 600 000(алты жүз миң) акча каражаты бөлүнсүн;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |