1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2023-жылдын 15-июну № 5/15
“ПОВТиСА”жоопкерчилиги чектелген коомунун 15.04.2022-жылдагы №01-34/186 буйругунун негизинде тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кайрымдуулук максатында материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
1-Май айыл Аймагынын жана “ПОВТиСА”жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн социалдык кызматташуу тууралуу макулдашууга жана “ПОВТиСА” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору А.Тороевдин 15.04.2022-жылдагы №01-34/186 буйругуна ылайык, айыл аймагындагы тоголок жетим жана жарым жетим ,турмуш шарты оор үй-бүлөлөр үчүн материалдык жардам иретинде 2023-жылга 1200,0(бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатына кошумча бекитүү максатында, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагындагы тоголок жетим жана жарым жетим ,турмуш шарты оор үй-бүлөлөр үчүн материалдык жардам иретинде 2023-жылга 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын, 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын эсебине кошумча бекитилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышын өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |