1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2023-жылдын 15-июну № 5/16
1-Май айыл аймагынын 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгы менен кошумча план киргизүү жөнүндө
Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагынын 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгы менен кошумча план киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-июнундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, 1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2023-жылдагы кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын алты айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн киреше салыгынан 2000,0(эки миллион) сом, тоо кен тармагынан 2% төлөө 850,0(сегиз жүз элүү миң), лицензия кармоого берилген укук үчүн төлөөгө 6250,0(алты миллион эки жүз элүү миң) сом жалпы 9100,0(тогуз миллион бир жүз миң) акча каражаты кошулсун;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
1-Май айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев |