Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 19-декабры № 64
Маданият үйүнүн актовый залын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Кууганды айыл ѳкмѳт башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен айылдагы маданият үйүнүн актовый залын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү демилгесин угуп, талкуулап Депутаттардын Кууганды айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылындагы маданият үйүнүн актовый залын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинен 450 000 (тѳрт жүз элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
3. Үч-Эмчек айылындагы маданият үйүнүн актовый залын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү долбоорунун сметасынын жалпы наркынын ѳздүк салымы 15% түзгѳндүгү белгиленип, жергиликтүү бюджеттин эркин каражатынан ѳздүк салым үчүн 450 000 (тѳрт жүз элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ф.К.Токушев |