Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2023-жылдын 11-июлу № 14/1
Керме-Тоо айыл аймагына пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу максатында жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
“Ош Глобал Текстиль” жоопкерчилиги чектелген коомунун арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагына пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу максатында, Жеңиш участкасынын №184 жана №184' контурундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 10,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасынын №184 жана №184' контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен 10,0 га жер аянтын пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) байланыштуу иш кагаздарын даярдоо жана Араван райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.М.Шерматов |