Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII cессиясы

2023-жылдын 31-марты № 27

 

Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын (АКИА)  каттоо жөнүндө

АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) түзүлгөндүгү тууралуу Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын төрайымы М.Надированын жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн талкуулап,  Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Баткен Облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.

2.АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коммчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625, 2012-жылдын  21-ноябрындагы №782 редакцияланган “Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуу жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинде Кара-Бак айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.

3.Айылдагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) менен иш алып барууну көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы    А. Каламбековго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                                                                                                                                                                                                                                                            Ж.Шадиманова