Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII cессиясы

2023-жылдын 31-марты № 26

Кара-Бак айылдык аймагында коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясын  (АКИА) бекитүү жөнүндө

АРИСтин “CASA-1000” Жергиликтүү коммчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) төрайымын, орун басарын жана катчысын бекитүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кара-Бак айыл өкмөтү “CASA-1000” долбоору менен иштеп  жаткандыгына байланыштуу түзүлгөн “Айылдык коомчулук инвестициялык ассоциациясын” жана аткаруу комитетинин төрайымдыгына М. Надированы, орун басарлыгына А. Каламбековду жана катчылына Г. Эргешованы бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча комитеттин төрагасы М.Темиркуловго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                                                                                                                                                                                                                                                            Ж.Шадиманова