Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 7
Айыл өкмөттүн карамагында турган техникаларга 2023-жылга карата жаңы келишим түзүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган “HGMA HG 955 фронталдык погрузчиктин” айдоочусун тандоо үчүн аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 250 000 (эки жүз элүү миң) сом болуп бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган “Экскаватор-погрузчик АМКОДОР 702 Emдин ” айдоочусун тандоо үчүн аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 25000 (жыйырма беш миң) сом болуп бекитилсин.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы МТЗ-82.1 тракторунун айдоочусун тандоо үчүн аукционго коюлсун. Коюлуучу аукциондун баштапкы баасы 14000 (он төрт миң) сом болуп бекитилсин.
4. Техникалардын бузулган тетиктерин оңдоо жана сатып алуу айдоочулардын өздөрүнө милдеттендирилсин.
5. Кара-Суу айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар учуру катталса же зарыл жумуш болуп калса, биринчи кезекте техникалар өкмөттүн жумуштарын аткарсын.
6. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы: | У. Жунусалиев |