Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 3-марты № 8

   Кызыл-Көл айылынын Кул-Сары көчөсүнө  Көк-Бөрү оюну үчүн “Ат майданын” даярдоо жөнүндө

      Кызыл-Көл жана Сай-Булуң айылдарынын Кул-Сары көчөсүнө Ат-Майдан жайын даярдоо үчүн жазылган кайрылуусун Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясы карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин  IX чакырылышынын кезексиз  XXV  сессиясы

 

ТОКТОМ  ЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Көл айылынын Кул-Сары көчөсүнө Кыргы элинин улуттук Көк-Бөрү оюнун өткөрүү үчүн 50 сотых жер Ат майданы болуп ырасталсын.

2. Жерди аныктоо, трансформациялоо жана Ат майданы үчүн  пайдаланууга берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Райышбековго жүктөлсүн.

3. Көк-Бөрү оюнунун башчысы Эртабылды уулу Адилетке Көк-Бөрү оюнун дем алыш күндөрдө өткөрүү, жердин тазалыгын жана калктын копсуздугун кароо жагы милдеттендирилсин.

4. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы:

У. Жунусалиев