Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 11
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 21.02.2023-жылдагы №161 сандуу кайрылуусу боюнча Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин депутаты А.Өмүрканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөкөнбаев айылындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жалпы ата-энелер чогулушунун 15.02. 2023-жылдагы №5 токтомуна ылайык, бала бакчага болгон ата-энелер төлөмү бир балага айына 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө толук төлөө (ооруп калган күндөрүнөн сырткары) белгиленсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шыгаевага, көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетине тапшырылсын.
Төрага | К. Карыпов |