КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы
2023-жылдын 3-марты № 20
Бөкөнбаев айылындагы “Киров” бала бакчасынын имаратын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2022-жылдын 10-мартындагы №ГД-22/20-И6 К\ө№05-2280/21 ГД:05-331/22ГД сандуу токтомуна жана Тон районунун прокуратурасынын 09.02.2023-жылдагы №23/118-00-07-11-00126 чыгыш сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча сунуштамасына ылайык, Бөкөнбаев айылындагы “Киров” бала бакчасынын имаратын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча башчынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2022-жылдын 10-мартындагы №ГД-22/20-И6 К\ө№05-2280/21 ГД:05-331/22ГД сандуу токтомуна жана Тон районунун прокуратурасынын 09.02.2023-жылдагы №23/118-00-07-11-00126 чыгыш сандуу мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча сунуштамасына ылайык, Бөкөнбаев айылындагы “Киров” бала бакчасынын имаратын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага жүктөлсүн.
Төрага | К. Карыпов |