Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы

2023-жылдын 3-марты № 16

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  “Сөгөтү”  участкасынан  65,65 га жер тилкесин  “Беш-Алтын” жоопкерчилиги  чектелген   коомуна  каолин кенин  казып  иштетүүгө берүү  жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана  жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик  комитети тарабынан  “Беш-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомуна  11.18. 2016-жылдан 18.11. 2035-жылга чейин  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  “Сөгөтү”  участкасынан  65,65 га жер  аянтынан  каолин кенин казып  иштетүү максатында  жер казынасын  пайдалануу укугуна  берилген 5078 ТЕ лицензиясына ылайык,  Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”, “Салык Кодексин”  жана Кыргыз Республикасынын  “Жер казынасы жөнүндөгү”  мыйзамын  жетекчиликке   алуу менен  Күн-Чыгыш айылдык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.“Беш-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомуна  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу  “Сөгөтү”  участкасынан  65,65 га жер  аянтынан  каолин кенин казып  иштетүүгө лицензиянын мөөнөтүнө ылайык макулдук берилсин.

2.Күн-Чыгыш Айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларынын  төрагаларынын катышуусунда макулдашылган социалдык төлөмдөрдү жана жасала  турган жумуштарды    толук камтуу менен  3 жылдык мөөнөткө   эки тараптуу келишим түзүү жагы  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага тапшырылсын.

3.Жер казынасын   пайдалануу токтотулгандан кийин жер участогун рекультивациялоо  “Беш-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомуна   милдеттендирилсин. Ал эми  казылган жердин (карьердин) рекультивациялоо иштерин  көзөмөлдөө жагы  Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө   тапшырылсын.

 4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы   Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык  Кенешинин  мыйзамдуулук, жер жана агрардык маселелер, социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Карыпов