Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 10
Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча айрым салыктардын зоналдык коэфицентин көтөрүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын 1-январынан тартып, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицентти 1,6 коэфицентке көтөрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаеванын, кирешелер боюнча башкы адис Г.Оморованын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфицент 1,6 болуп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага тапшырылсын.
Төрага | К. Карыпов |