Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 7
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Шыгаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү Мыйзамынын 12 беренесинин 1, 2 пункттарына ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасынын өлчөмү юридикалык жактарга, ишканада иштеген адамдардын санынын ар штаттык бирдигине жараша 100 (бир жүз) сомдон, жеке жактар үчүн ар бир үйдүн жашоочуларына жараша 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаевага тапшырылсын.
Төрага | К. Карыпов |