КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
VII-чакырылышынын XXIV- сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 6
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө топоз чарбасын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө топоз чарбасын уюштуруу боюнча башчынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күн-Чыгыш Айылдык Кенешинин мыйзамдуулук комитетинин корутундусуна ылайык, айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн арттыруу, Сырт өрөөнүндөгү алыскы жайыттарды рационалдуу пайдалануу, топоздун башын көбөйтүү аркылуу айыл өкмөттө аз камсыз, жардамга муктаж катары каттоодо турган жарандарга үзгүлтүксүз түрдө кайрымдуулук жана колдоо иштерин жүргүзүп туруу максатында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн алдында топоз чарбасын уюштурууга макулдук берилсин жана көпчүлүк добуш менен айылдык Кенештин депутаты Жекшен уулу Алтынбек чарба жетекчиси болуп дайындалсын.
2.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага, топоз чарбасынын жаны шайланган жетекчиси А.Жекшен уулуна чарбаны уюштуруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдаштыруу, топоз чарбасын уюштуруу боюнча каржы булактарын караштыруу жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шыгаевага тапшырылсын.
Төрага | К. Карыпов |