Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

VII-чакырылышынын кезексиз  сессиясы

2023-жылдын 3-марты  № 22

Калкты тейлөө  борборун  куруу  үчүн жер аянтын бөлүп берүү  жөнүндө 

 Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы  калкты каттоо департаментинин 09-06 аймактар аралык бөлүмүнүн 18.10.2022-жылдагы №161 сандуу  кайрылуусун  карап,   Күн-Чыгыш айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

 1.Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 32  беренесинин 4 пунктуна  ылайык, “Кара-Ой” жаны конушунан 1000,0м2  жер аянты калкты тейлөө  борборун  куруу  үчүн бөлүнүп берилсин.

 2.Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин  06.12.2022-жылдагы №60 токтому жокко чыгарылсын.

 3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин  аткаруучу Б.Шыгаевага, көзөмөлдөө жагы жер комитетине  тапшырылсын.   

 

Төрага

К. Карыпов