Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-марты № 2

Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 Күн тартибиндеги муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону карап чыгып, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:

 

1.  Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)

 

2.  Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 

3.  Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго тапшырылсын.

 

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев