НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-марты № 4
Ноокен айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча типтүү эрежелеринин Жобосун бекитүү жөнүндө
Ноокен айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-мартындагы ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча типтүү эрежелери боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго тапшырылсын.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |