Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-марты № 15

Башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу топтун жобосун бекитүү жөнүндө

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топ жөнүндөгү Жобону угуп жана талкуулап, Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы токтом кылат:

 

1.  Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топ жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)

 

2.  Кабыл алынган Жобо Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

3.  Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго тапшырылсын.

 

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Акматалиев