Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-марты № 17
Жарандардын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги жарандардын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө жобону карап чыгып, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1. Жарандардын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылшынын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго тапшырылсын.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |