Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 12-февралы № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына
толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
13-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга белгиленген кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат:
- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган,
1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматчыларына;
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;
- Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга.";
2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.
2-статья.
Ушул Мыйзам 2003-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
2003-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган