Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясы
2020-жылдын 4-сентябры №2
Үстү ачык типтеги кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылындагы ачык кичи футбол аянтчасы жөнүндө “Агрардык жер жана экологиялык маселелер боюнча” комитетинин отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Баймундуз айылындагы №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектебинин ээлеп турган тиешелүү жер аянтынын ичинен 1000м.кв жер аянты ачык типтеги кичи футбол аянтчасын курууга ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү архитектуралык документ иштерин мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Агрардык жер жана экологиялык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |