Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры №1
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин тогуз айлык отчету жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысынын орун басары Н.Олжобаеванын Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген 9 айлык отчету жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин 9 айлык аткарылышы боюнча отчету көңүлгө алынсын.
2. Жылдын акырына экономдолгон акча каражаты аткарылбай калган иш чараларга жумшалып аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |