Загрузка документа…
| Бекитилди” Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы №2 токтому
|
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн алдындагы
«Бешик-Жон тазалык»
муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыгып, «Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
«Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасы (мындан ары - Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот жана сот бийлигинде доочу жана жооптуу болуп чыга алат.
Муниципалдык ишкананын уюштуруучусу:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин сессиясынын 2020-жылдын 6- ноябрындагы № 2 токтомунун негизинде, «Бешик-Жон тазалык » муниципалдык мекемеси, каттоо датасы ___________, каттоо номери _____________________, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы, А.Масабиров көчөсү .№ 4;
Муниципалдык ишкананын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: « Бешик-Жон тазалык» муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие «Бешик-Жон тазалык»
Муниципалдык ишкананын кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Бешик-Жон тазалык» МИ.
Расмий тилде аталышы: МП «Бешик-Жон тазалык»
Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы, А.Масабиров көчөсү .№ 4;
Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн буйруктарына жана Ушул уставка ылайык жүргүзөт.
I. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты муниципалдык заказдарды ишке ашыруу, Бешик-Жон айылдык аймагынын калкына кызматтарын көрсөтүү максатында төмөндөгү жумуштардын түрлөрүн аткарат:
III. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН УКУГУ
3.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн аткарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:
3.2. Муниципалдык ишкана расчеттук, валюталык жана башка эсептерди ачат. Чарба маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууну жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүнү өз алдынча жүргүзөт;
3.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттемелерине карата өз менчигиндеги мүлктөрү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат. Муниципалдык ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
3.4. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн Бешик-Жон айыл аймагынын талаптарына, ушул уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт;
IV. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ
4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчиликтүү болот.
4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери Бешик-Жон айыл өкмөтү жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлгө алынат.
4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жараксыз деп табуу, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешип түзгөн комиссиясынын чечимине ылайык, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
V. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ БАШКАРУУ
5.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, Бешик-Жон айыл өкмөтү саналат.
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:
5.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп, анын директору саналат.
5.3. Муниципалдык ишкананын башкы бухгалтерин, ишкананын директорунун сунушу менен, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы дайындайт жана бошотот.
5.4. Муниципалдык ишкананын директорунун компетенциясы:
VI. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ МҮЛКҮ
6.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган кыймылсыз, кыймылдуу жана жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат. Иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүн жана ишмердүүлүгүн каржылаган булактарга төмөндөгүлөр кирет;
6.4. Муниципалдык ишкана, өзү көрсөткөн кызматтардан жана башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттарды, Уставта көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жана тийиштүү фонддорду түзүү үчүн өз алдынча бөлүштүрө алат.
VII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МАМИЛЕСИ
7.1. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана ишкананын жумушчуларынын эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.
7.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контрактын) негизинде материалдык жоопкерчилик тартат.
7.3. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери ишкананын директору тарабынан бекитилет.
VIII. МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ИШ-АРАКЕТИН ТОКТОТУУ
8.1. Муниципалдык ишкананын жоюулушу жана кайрадан түзүлүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
8.2. Муниципалдык ишкананын жоюу, кайрадан түзүү айылдык кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
8.3 Муниципалдык ишкананын жоюулушу жана кайрадан түзүлүшү юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин, ишкана жоюлган же, кайрадан түзүлгөн болуп саналат.
8.4. Муниципалдык ишкананын иш кагаздары Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемеде сакталат.
Директор: | Тургубаев Орозобек |