Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры №3
Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айыл аймагына “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аракет пландарын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздук салымдарын бөлүп берүү жөнүндөгу билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Муницпалитеттер аралык кызматташуу жолу менен Кеңеш, Бешик-Жон жана Масы айыл аймактарынын КТКын жыйноо, ташуумжана жок кылуу максатында (КЖАП) кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу аракет планын ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 350,000(үч жүз элүү) миңсом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыялаган кундөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет,өнөр жай,курулуш,муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу,элге керектуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |