Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХV сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры №4
Таштанды ташып чыгаруу боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXV сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовтун айыл жашоочулардан чыккан үй-тиричилик калдыктарын ташып, тазалоо максатында өткөрүлгөн 2020-жылдын 15-октябрындагы коомдук угуунун протоколунун негизинде тарифтерди бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Муницпалитеттер аралык кызматташуу жолу менен Кеңеш, Бешик-Жон жана Масы айыл аймактарынын КТКын жыйноо, ташуу жана жок кылуу боюнча өтүнмөсүнө чейин Бешик-Жон айыл аймагындагы таштандыларды “Кеңеш-тазалык” ишканасынын полигонуна ташып төгүү кызмат көрсөтүүсүнүн акысы 16 сом болуп бекитилисин.
2. Айыл аймактын алдындагы социалдык объектилерден чыккан таштандыларды ташып чыгууга жана калктын аярлуу катмары болгон 84 кожолукка 50% төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 2021-жылга 100,000 сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |