Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXIX сессиясы
СЖалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.11.2020-жылдагы чыг.№ 04-10/3668-кат менен мэрдин орун басары Алтымышев Руслан Алтымышевичдин кайрылуусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы кезектеги IV сессиясынын №7-токтомунун 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияга өзгөртүлсүн: “Жалал-Абад шаарынын Некрасов көчөсү 12 дарегинде жайгашкан №22-балдар бакчасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансынан муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду тийиштүү кызматтарга аткаруу үчүн жеткирүү, Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жоробаев |