Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXV сессия
2020-жылдын 7-августу № 1
Жалал-Абад сууканал» башкармалыгына Европалык өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып бүткөн суу тармактарын күрөөгө коюууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 09.07.2020-жылдагы №04-09/2423 сандуу каты, «Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реаблитациялоо II фаза» долбоору жөнүндө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгына Европалык өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып бүткөн суу тармактарын күрөөгө коюууга уруксат берилсин.
2. «Жалал-Абадсууканал» башкармасына I фазасынын алкагындагы JWRP-8.1 келишими боюнча кабыл алынган 13836 метр суу тармактарын жана JWRP-8.3 келишими боюнча кабыл алынган 213278 метр суу тармактарын макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна жиберүү жагы «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгынын башчысына (Ш.Ашанбаев) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жоробаев |