Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXV сессия
2020-жылдын 7-августу № 3
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, фракция лидерлеринин жана депутаттардын сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 02.10.2018-жылдагы XII сессиясынын №4-токтомунун №1-тиркемеси жана 07.02.2020-жылдагы №1-токтому жокко чыгарылсын.
(Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.10.2020-жылдагы №4 редакциясына №1 тиркеме жокко чыгарылды)
3. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары шайланган протокол кабыл алынсын жана туруктуу комиссиялардын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
· Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Толубаев Замирбек Бостонбаевич.
· Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Боронбаев Заттарбек Абдыкаарович.
· Социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич.
· Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл-чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Баев Талантбек Даданович.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жоробаев |
(Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.10.2020-жылдагы №4 редакциясына №1 тиркеме жокко чыгарылды)