Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XXVIII сессия
2018-жылдын 28-октябры № 2
Жалал-Абад шаарынын студенттик поликлиникасынын медициналык жабдууларын Жалал-Абад областык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 09.09.2020-жылдагы №05-10/2941-каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинде реестрде турган студенттердин поликлиникасындагы медициналык жабдууларды Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна пайдаланууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен муниципалдык мүлктөрдүн реестриндеги мүлктөрдү өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагы | А. Жоробаев |