Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XXVIII сессия
2018-жылдын 28-октябры № 3
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты Азизов Оятулла Нематуллаевичди мандатынан ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламентинин 12.7-бөлүмүнө таянып, жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу жергиликтүү кеӊештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп саналгандыгын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXVIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессияларына бир жылдан ашык убакыттан бери катышпай келе жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаардык кеӊешинин КСДП фракциясынын депутаты Азизов Оятулла Нематуллаевичди депутаттык мандатынан ажыратуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Депутаттык мандатынан ажыратылган депутаттын ордун кезектеги тизмеде турган депутаттыка талапкер менен толуктоо жана мандат берүү жагы Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жоробаев |