Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2020-жылдын 28-октябры № 5
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 18.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын 7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.10.2020-жылдагы чыг.№ 05-03/3427-кат менен мэрдин орун басары Алтымышев Руслан Алтымышевичдин кайрылуусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 18.06.2020-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алууга макулдук берүү жөнундө» №7-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда бекитилсин: «Жалал-Абад шаарынын Курорт Булагы, 35 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду №3-10-03-009-0598 №27 “Шүүдүрүм” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты жана имарат жайгашкан жалпы 57385 чарчы метр жер аянты менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин».
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын тийиштүү кызматтарга аткаруу үчүн жеткирүү, Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |