Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXX сессия
2020-жылдын 3-декабры № 1
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэри саясий муниципалдык кызматына Ормоков Эрнисбек Абдижалилович шайлангандыгы бекитилсин.
3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына ушул токтомду Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом кабыл алган учурдан күчүнө кирет
Төрага | А.Жоробаев |