Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVII сессия
2020-жылдын 6-октябры № 1
Жалал-Абад шаарынын мэри жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Мураталы Абдыкаровичтин өз калоосу менен жазган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктунун 1-пунктчасына жана 9-пунктуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Мураталы Абдыкаровичтин арызы канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын вице мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевичке убактылуу мэрдин милдетин аткаруу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |