Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 3
Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
· Аманов Турдали Жумаевич–СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги;
· Арапбаев Абдилла Акжолбаевич-Ооган согушунун ардагери, Ооган согушунун ардагерлер уюмунун мүчөсү.
· Берикбаев Санжарбек Турдукулович-Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданияттын мыкты кызматкери, Жалал-Абад областтык «Барпы» атындагы кыргыз драма театрынын директору;
· Жоробаев Суюнбай-СССРдин кайра иштетүү жана өнөр жай ишканаларынын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын жеӊил өнөр жай тармагына салым кошкон ишкер;
· Маташимов Абдыманап-Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
· Сартбаев Орозали Мурзабекович-Ооган согушунун ардагерлер кеӊешинин төрагасы;
· Эгамбердиева Джумагуль-Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин башкы адиси (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |