Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 4
Жалал-Абад шаарындагы аталышы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык обьектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөргтүү боюнча” Жобосунун негизинде, “Спутник” жана Т.Тайгараев атындагы аймактык башкарууларынан келип түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусундагы аты жок туюк көчөсүнө Мавлянкулов Ибраимдин (лат. Mavlyankulov Ibraim) ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы аты жок көчөгө Акунов Абдылланын (лат. Akunov Abdylla) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы аты жок көчөгө Уулу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Козубаев Балтабайдын (лат. Kozubaev Baltabay) ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы Төш-Кутчу 1-көчөсүнө Уулу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Таштанов Төлөктүн (лат. Tashtanov Tolok) ысымы ыйгарылсын.
5. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы Төш-Кутчу 3-көчөсүнө Уулу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Досумбетов Курбандын (лат. Dosumbetov Kurban) ысымы ыйгарылсын.
6. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы Төш-Кутчу 4-көчөсүнө Эмгектин ардагери Ирсали Жумабайдын (лат. Irsali Zhumabay) ысымы ыйгарылсын.
7. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын
Төш-Кутчу айылындагы Төш-Кутчу 5-көчөсүнө Эмгектин ардагери Орозалиев Аширбайдын (лат. Orozaliev Ashirbai) ысымы ыйгарылсын.
8. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылындагы аты жок көчөгө Таштанов Максатбек Төлөковичтин (лат. Tashtanov Maksatbek Tolokovich) ысымы ыйгарылсын.
9. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
10. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин башкы адиси (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
11. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
12. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |