Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 8
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен автоунааларды сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 26.06.2020-жылдагы чыг.№04-09/2307-сандуу жана 18.08.2020-жылдагы чыг.№04-09/2725-сандуу каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу арбасындагы эскилиги жеткен жүк ташуучу 1 даана ЗИЛ-130, 1 даана ГАЗ-53 автоунааларын, 1 даана Мерседес-Бенц 230 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын жана «Жалал-Абад Тазалык» мекемесиндеги эскилиги жеткен 1 даана Т-130 үлгүсүндөгү бульдозер техникасын сатууга уруксат берилсин.
2. Мүлктөрдү сатууда мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |