Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 10
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен БМВ-520 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын эсептен чыгарууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 18.08.2020-жылдагы чыг.№04-09/2725-сандуу катты, шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Жалал-Абад Тазалык» мекемесиндеги эскилиги жеткен 1992-жылы чыгарылган БМВ-520 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын эсептен чыгарууга уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү эсептен чыгаруудан түшкөн акча каражатын төктүрүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |