Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 11
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 18.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.08.2020-жылдагы чыг.№04-09/2776-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алуу жөнүндөгү” Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 18.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын №7-токтомунун аталышы, “Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” деп толукталсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 18.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясынын №7-токтомунун калган пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |