Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 17-сентябры № 12
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.07.2020-жылдагы чыг.№М-183 сандуу катын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүнүн №48 дарегинде жайгашкан 5673,5 чарчы метр жер тилкесинин «П1» (өнөр жай) укуктук зонасынан «Ж3» (көп кабаттуу турак жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган "Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин” негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |