Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 18-июну № 3
Жалал-Абад шаарынын “Достук” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.05.2020-жылдагы чыг.№05-05/1779-каттынын негизинде, шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын “Достук” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотунун курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Жаналиев Сейдалы Сатыбалдиевич-1954-ж.т., жашаган дареги Ватутин к.4;
· Божуев Алимжан-1948-ж.т., жашаган дареги Достук к. 109;
· Жоробаева Мамира-1958-ж.т., жашаган дареги Э. Алиев к. 54;
· Турдиева Зухрахан Токтахуновна-1953-ж.т., жашаган дареги Тургенов к. 17;
· Аманов Абдыкадыр-1953-ж.т., жашаган дареги Пр. Геологов 11/2;
· Кадыров Салыжан Сатарович-1965-ж.т., жашаган дареги Ковпак к. 12/8;
· Абдыкадырова Ленара Абдыкадыровна-1963-ж.т, жашаган дареги Б. Осмонов 105/30
2. Жалал-Абад шаардык мэриясына ушул токтомдун негтизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |