Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 18-июну № 4
Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык объектини бузууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 14.05.2020-жылдагы чыг.№04-09/1677-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы №3-үй бүлөлүк дарыгерлер мекемесинин короосундагы эскилиги жеткен автоклав, даараткана жана күзөт кананы бузууга уруксат берилсин.
2. Санитардык эрежелерди сактоо менен биргеликте заманбап автоклав, даараткана жана күзөт кананы куруп берүү жагы демөөрчүлүк көрсөтүп жаткан “Ордо Холдинг” фирмасына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) курулманы бузуу жагын мыйзам чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) мүлктөрдү бузуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана имаратты бузууда коопсуздук эрежелерин сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |