Редакцияот 18.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия

2020-жылдын 18-июну № 5

Жалал-Абад шаарындагы №10-мектеп гимназиясына ысым ыйгаруу жөнүндө

“Жалал-Абад шаардык кеӊешинин географиялык обьектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна ылайык, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 05.03.2020-жылдагы чыг. №01-10/129 сандуу катынын негизинде, социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктууу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарындагы №10-мектеп гимназиясына Тойгонбай Кошматовдун ысымы ыйгарылсын.

2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашууга жөнөтүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Жоробаев