Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 18-июну № 6
Жалал-Абад шаарындагы аталышы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык обьектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде жана “Спутник”, “Курманбек” аймактык башкарууларынан түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусундагы долборлоо көчөсүнө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген кызматкери Рыспаев Барпы Рыспаевичтин (лат. Ryspaev Barpy Ryspaevich) ысымы ыйгарылсын
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусундагы 4-көчөcүнө Ашимов Жаныш Ашимовичтин (лат. Ashimov Janysh Ashimovich) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |