Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 18-июну № 7
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.06.2020-жылдагы чыг.№05-03/2093 сандуу катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри М.Адылбековдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Курорт-Булагы 35 дарегинде жайгашкан №27 “Шүдүрүм” мектепке чейинки балдар бакчасынын имараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Мүлктөрдү кабыл алууда тийиштүү иш кагаздарды даярдап жана мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |