Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия
2020-жылдын 18-июну № 9
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.05.2020-жылдагы чыг.№04-09/1828 сандуу катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри М.Адылбековдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүнүн №15б дарегинде жайгашкан “Нур” ачык акционердик коомуна тиешелүү болгон 1600,0 чарчы метр жер тилкесинин «П1» (өнөр жай) укуктук зонасынан «Ж3» (көп кабаттуу турак жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган "Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин” негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |