Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 2
Исфана шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Исфана шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү маалыматы канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүүгө эки ай мөөнөт берилсин жана ушул жылдын августь айында өткөрүлүүчү кезектеги сессияда кайрадан каралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |